Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен биргеликте аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Чаткал районунда өткөн Эл менен жолугушуудан кийин Жыпар Сабырова Чаткал райондук сотунда болуп, соттун ишмердүүлүгү, иш кагаздарын жүргүзүлүшү менен таанышты. Ошондой эле сот залдарында орнотулган аудио жана видео жазуу, автоматташтырылган маалымат системасынын иштешин көруп чыкты.
Мындан тышкары, соттун материалдык-техникалык камсыздалышы, кызматкерлер үчүн түзүлгөн эмгек шарттары жана сот адилеттигин ишке ашырууда кездешкен көйгөйлүү маселелер талкууланды.




