KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунун Административдик сотуна практикалык жардам көрсөтүлдү

21 февраля 2025

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын Административдик иштер боюнча орун басары Жекшеналы Курманбаев, судьялар Нурзат Кыдыралиева, Асанбек Тойгонбаев жана судьялардын жардамчылары, Жалал-Абад облусунун Административдик сотуна практикалык жана усулдук жардам кɵрсɵтүү максатында иш сапары менен болуп келишти.


Иш сапардын алкагында, административдик сотунда иш алып баруу боюнча, анын ичинен иштерди тариздөө, күчүнө кирген соттук актыларга аткаруу барактарынын жазылышы, эсептик-статистикалык карточкалардын толтурулушу текшерилип, автоматташтырылган маалыматтык системасынын киргизилиши боюнча маалымат алынды.


Жыйынтыгы менен облустук сотунун судьялары тарабынан жыйын өткөрүлүп 2024-жылдын ичинде Административдик соту тарабынан каралган иштерине жана соттук материалдарына кароо жүргүзүшүп, аныкталган кемчиликтерди судьяларга жана аппарат кызматкерлерине көрсөтүп, сунуштарын беришти.


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов