KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунда 2025-жылдагы соттордун ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары талкууланды

13 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунда 2025-жылдагы сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Жыйынды Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев өткөрүп, ага өлкөнүн бардык аймактарындагы сот өкүлдөрү, анын ичинде Жалал-Абад облусунун судьялары видео-байланыш аркылуу катышты.


Жыйындын жүрүшүндө Жогорку соттун соттук коллегияларынын төрагалары 2025-жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу баяндама жасап, сот адилеттигин камсыз кылуу, иштерди кароонун сапаты жана сот практикасындагы негизги жетишкендиктер тууралуу маалымат беришти.


Пленумдун алкагында жыл жыйынтыгы менен мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен соттор жана судьялар сыйланды. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча “Мыкты облустук сот” деп Жалал-Абад облустук соту таанылды. Ошондой эле “Жылдын мыкты судьясы” номинациясы боюнча II орунду Токтогул райондук сотунун төрагасы Азамат Тилемишов ээлеп, Жогорку соттун Өнүктүрүү жана сыйлоо фондунан 200 000 сом өлчөмүндө стимулдаштыруучу төлөм менен сыйланды.