KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

"Кыргыз тилим-адилеттүүлүккө үндөгөн тил".

10 сентября 2025

«Кыргыз тилим-адилеттүүлүккө үндөгөн тил».


Сот тутуму үчүн «Улуттук дем -дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 12.08.2025-жылдагы №202 буйругунун негизинде, Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө иш-пландарга ылайык, Таш- Көмүр шаардык сотунун жыйындар залында төрага А.А.Аскарбековдун жетекчилигинин астында «Кыргыз тилим-адилеттүүлүккө үндөгөн тил» аттуу иш чара өткөрүлдү.


Бул иш-чарага шаардык соттун кызматкерлери, Таш Көмүр шаардык мэриясынын социалдык маселелери боюнча сектор башчысы Ж.Р. Романова, «Таш-Көмүр жарчысы» коомдук-саясий гезитинин башкы редактору Г.А.Маматкулова, №2-Т Шадыканов атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими А.Момукулова катышышты.


Кыргыз тили жана адабияты мугалими А.Момукулова «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдоо иш чаралары» темасында доклад жасады. Тема боюнча талкуу, сунуш, ой-пикирлер айтылды. Шаардык соттун төрагасы А.А.Аскарбеков, «Улуттук дем -дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун ишке ашырууда, Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө иш-пландарга ылайык, шаардык иш чараларга ар дайым катышууга даяр экендигин билдирди.