Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова жана административдик иштер боюнча коллегиясынын судьясы Эльмира Байтикова судьяларга практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү максатында жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунда болушту.
Жогорку соттун судьялары тарабынан иштердин өз мөөнөтүндө каралышы, соттук актылардын сапаты, аткарылышы жана статистикалык отчёттуулук боюнча маселелер каралып практикалык жана методикалык жардам көрсөтүлдү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, жаңы багыттар, мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө кеңири сөз болду
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев аймактарга болгон иш сапарда, соттордун кетирип жаткан кемчиликтерин көрүп, Жогорку соттун судьялары тарабынан судьялардын ишмердүүлүгүн натыйжалуугун арттыруу максатында методикалык жардам көрсөтүлө тургандыгын билдирген.