KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук соту райондук жана шаардык сотторуна практикалык жардам көрсөттү

03 марта 2025

Жалал-Абад облустук сотунун 2025-жылдын биринчи жарым жылдыкка түзүлгөн иш планы боюнча, облустук соттун төрагасынын орун басарлары, судьялары жана соттун аппарат кызматкерлери Жалал-Абад облусунун биринчи инстанциядагы сотторуна жалпы иш алып баруусу боюнча практикалык жана усулдук жардам көрсөтүү максатында райондук жана шаардык сотторуна иш сапары менен барып келишти.


Жергиликтүү  соттордун иш алып баруусу, анын ичинен иштерди тариздөө, күчүнө кирген соттук актыларга аткаруу барактарынын жазылышы, эсептик-статистикалык карточкалардын толтурулушу текшерилип, автоматташтырылган маалыматтык системасынын киргизилиши боюнча маалымат алынды.


Жыйынтыгы менен облустук соттун судьялары тарабынан ар бир сотто судьяларга жана аппарат кызматкерлерине чогулуш өткөрүлүп 2024-жылдын ичинде райондук жана шаардык соттору тарабынан каралган иштерди жана соттук материалдарды текшерип, аныкталган кемчиликтерди судьяларга жана аппарат кызматкерлерине көрсөтүп, сунуштар берилди.