KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук соту Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү

08 июня 2026

Жалал-Абад облустук сотунун судьялары Нурдин Абдырасулов жана Нургазы Ысманов Ноокен районундагы Ж.Ниязов атындагы жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебине барып, анын жетекчилиги, кызматкерлери жана тарбиялануучулары менен жолугушуп, балдардын жашоо-шарты менен таанышышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө судьялар жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин эмгек жааматын балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, мектептин кызматкерлерине балдарды тарбиялоодогу жоопкерчиликтүү эмгеги, аяр мамилеси жана үзүрлүү аракеттери үчүн ыраазычылык билдиришти.


Ошондой эле, Жалал-Абад облустук сотунун атынан билим берүү мекемесинин муктаждыктарын камсыздоого багытталган акчалай жардам тапшырылды.


Өз кезегинде Ж.Ниязов атындагы жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин жетекчилиги жана кызматкерлери балдарга көрсөтүлгөн көңүл буруу жана колдоо үчүн Жалал-Абад облустук сотунун жамаатына терең ыраазычылык билдиришти.