Жалал-Абад облустук сотунун жыйындар залында облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, төраганын орун басарлары, райондук жана шаардык сотторунун төрагалары жана Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын катышуусунда, Жалал-Абд облусундагы жергиликтүү соттордун 2025-жылдын 1-жарым жылдык ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу жыйын өткөрүлдү.
Жыйында райондук жана шаардык соттордун төрагалары тарабынан биринчи инстанция сотторунда 2025-жылдын 1-жарым жылдыгында каралган иштери боюнча маалыматтар берилди.
Андан соң облустук соттун төрагасынын орун басарлары соттук коллегияга тиешелүү ар бир судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашырууда иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча маалымат менен тааныштырышты. Ошондой эле иштерди кароодо келип чыккан суроолор талкууланды.
Мындан тышкары, апелляциялык инстанцияга даттанылган соттук актылардын бузулушу жана өзгөртүлүшү боюнча талкуулар жүргүзүлүп, биринчи инстанция сотторунун кетирген кемчиликтерине көңүл бурулду.
Ошондой эле Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов 2025-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштер жана жергиликтүү сотторду материалдык жана техникалык камсыздоо жөнүндө маалымат берди.
Кеңешменин аягында, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова сот адилеттигин жүзөгө ашырууда, ишти кароонун сапатын жакшыртууга, орун алган кемчиликтерди кайталабоого, мыйзамдардын талаптарын аткарууга, ошондой эле соттук иштерди кароонун сапатын жогорулатуу менен бирге иштерди кароонун процессуалдык мөөнөттөрүн сактоого чакырды.