Манас шаарындагы Сот адилеттик үйүндө Жалал-Абад облустук сотунун 2026-жылга карата бекитилген иш-планынын алкагында райондук жана шаардык соттордун судьяларынын катышуусунда «Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы боюнча иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – бүтүмдөрдү жараксыз деп табууга байланышкан жарандык иштерди кароодо келип чыккан укуктук маселелерди талкуулоо, соттук практиканы талдоо жана мыйзамдарды бирдей колдонуу боюнча бирдиктүү мамилени калыптандыруу болду.
Тегерек столдун жүрүшүндө: катышуучулар, талашылуучу жана юридикалык күчкө ээ болбогон (ничтождуу) бүтүмдөрдүн укуктук табияты, алардын айырмачылыктары, ошондой эле мындай талаштарды кароодо соттор тарабынан эске алынуучу жагдайлар боюнча пикир алышты. Ошондой эле бүтүмдөрдүн жараксыздыгынан келип чыккан доолордун ар кандай категорияларына талдоо жүргүзүлүп, колдонуудагы мыйзамдардын жана соттук практиканын актуалдуу маселелери кеңири талкууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында аталган багыттар боюнча учурдагы соттук практика талданып, судьялар өз тажрыйбалары жана сунуштары менен бөлүшүштү. Талкуунун негизинде иштерди кароодо мыйзамдарды бирдей колдонууга багытталган практикалык сунуштар иштелип чыгып, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда бирдиктүү соттук практика иштелип чыкты.




