KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунун шаардык жана райондук сотторунун судьяларына “Электрондук байкоо жүргүзүү” боюнча окуу болуп өттү

17 января 2025

Жалал-Абад облусунун шаардык жана райондук сотторунун судьяларына “Электрондук байкоо жүргүзүү” боюнча окуу болуп өттү


 


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун, шаардык жана райондук сотторуна, Жалал-Абад облустук Сот адилеттик үйүнүн жыйындар залында “Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткаруу, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартиби жана шарттары”  боюнча семинар болуп өттү


Иш чарага Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучусу Канат Аманов, облустук соттун, шаардык, Сузак райондук сотунун судьялары жана облус боюнча пробация бөлүмүнүн башчысы Уларбек Эшалиев ошондой эле кызматкерлери катышышты.


Электрондук байкоо — бул аралыктан идентификациялоо мүмкүнчүлүгү менен айыпталуучунун турган жерин контролдоону камсыз кылган мониторингдин заманбап системасы. Система электрондук билериктер аркылуу, ошондой эле уюлдук телефондогу мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашырылат.


Айыпталууларга электрондук билерик тагуу -бул жаза өтөө же көзөмөл жүргүзүү процессинде колдонулуучу заманбап технология. Ал үй камагына алынган же пробациялык түрдө бошотулган адамдардын жүрүм-турумун жана жайгашкан аймактагы радиусун көргөзөт жана соттун же көзөмөлдөөчү органдын койгон чектерин бузбоону камсыздайт.


Эгерде адам белгиленген аймактан чыкса же билерикти алып салууга аракет жасаса, система автоматтык түрдө коңгуроо берип, көзөмөл органына билдирилери боюнча кеңири маалымат беришти.


Жыйындын соңунда судьялар «Электрондук байкоо» каражаттарын колдонуунун тартиби боюнча бир катар суроолорду беришип, ага жоопторду алышты.