KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Сот Адилеттик үйүндө студенттер үчүн «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү

23 июня 2026

Жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу, сот тутумунун ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштыруу жана келечектеги юристтердин кесиптик кызыгуусун арттыруу максатында Манас шаардык сотунда «Ачык эшиктер күнү» уюштурулду.


Иш-чарага Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинин «Укук таануу» адистиги боюнча 1-курсунун студенттери катышышты.


Иш-чаранын алкагында студенттер жарандык иш боюнча ачык сот отурумдарына күбө болуп, сот адилеттигин ишке ашыруу процессин практикалык негизде байкоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле алар үчүн соттун имаратында экскурсия уюштурулуп, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда колдонулган заманбап техникалык жабдуулар, анын ичинде сот залдарындагы аудио-видео жазуу системалары менен тааныштырылды.


Студенттерге сотко келип түшкөн иштердин кароо тартиби, сот өндүрүшүнүн негизги этаптары, ошондой эле биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттордун ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.


Жолугушуунун жүрүшүндө Манас шаардык сотунун судьясы Айбек Ахматов келечектеги юристтер менен пикир алышып, судьялардын ыйгарым укуктары, принциптери, статусу тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Мындан тышкары, сот аппаратынын кызматкерлеринин функционалдык милдеттери жөнүндө маалымат берип, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берди.