KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Студентер үчүн конок лекция өттү

26 ноября 2025

Өлкөбүздүн сот тутуму туурасында маалыматтуулугун жогорулатуу максатында, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Экономика укук институтунун, Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасынын, Укук коргоо органдары адистиги боюнча Юк 1-23, Юк 2-23, Юк 3-23 тайпаларынын студенттери үчүн конок лекциясын өткөрдү.


 


Жыпар Сабырова студенттерге Сот тутуму темасында лекция өтүп, анда судьялардын ыйгарым укуктары, принциптери, статусу жана аппарат кызматкерлеринин функционалдык милдеттери тууралуу, кылмыш жаза, жарандык жана экономикалык, административдик иштеринин кароонун процесстик тартиби туурасында, ошондой эле сот залдарында орнотулган аудио жана видео жаздыруу системасынын иштөөсү жана сот отурумунун жүрүшү боюнча кеңири маалымат берип, студенттердин кызыктырган суроолоруна кеңири жооп берди.


 


Ал эми окуу жайдын мугалимдери төрайымга ыраазычылыгын билдиришип, окуучулар сот тутуму боюнча кызыктуу маалыматтарды алышканын жана бул жолугушуу окуучулар үчүн чоң мотивация болоорун белгилешти.