KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Тогуз-Торо райондук сотунун кызматкерлери үчүн атайын лекциялык иш-чара өткөрүлдү

08 сентября 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын 2025-жылдын 12-августундагы №202 буйругунун негизинде кабыл алынган сот тутуму үчүн «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу боюнча иш-пландын алкагында, Тогуз-Торо райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери үчүн атайын лекциялык иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттүүлүк, улуттук идеология жана укуктук аң-сезим темалары боюнча билим берүү, мекенчилдик сезимин жана укуктук маданиятты жогорулатуу болду.


Аталган лекцияны Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча сектор башчысы Карагулова Токтобүбү Дүйшенбековна өткөрүлдү.


Иш-чара мазмундуу жана пайдалуу болуп, катышуучуларга улуттук баалуулуктарды терең түшүнүүгө, ошондой эле укуктук аң-сезимди өркүндөтүүгө көмөк көрсөттү.


video-01-09-25-04-39