Чаткал райондук соту тарабынан Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүлдү
3-декабрь Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата Чаткал райондук сотунун эмгек жамааты райондук администрациясы тарабынан уюштурулган иш чарага барып катышты.
Аталган иш чарада соттон өкүл болуп барган Мансурхан Алыбаев Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү менен куттуктап акчалай жардамдарын тапшырып, мындан ары да сот тутумунда бул демилге уланып, көптөгөн жардамга муктаж жарандарга жардам берилери айтты.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов