Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков Аксы районунун тургуну 2015-жылы туулган Төрөева Айбикени куттуктап, ага өзүнүн жылуу каалоо-тилектерин жолдоду.
Ал өз сөзүндө, ар бир баланын бактылуу жашоого, татыктуу билим алууга, эркин өсүүгө болгон укугу –ата-эненин башкы милдеттери экенин белгилеп өттү. Бул күн ар бир адамды балдардын дүйнөсүнө көңүл бурууга жана аларга кам көрүү жоопкерчилигин дагы бир жолу эске салып турган маанилүү күн экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал ата-эненин ордун эч нерсе алмаштыра албаса да, учурда Айбикеге кам көрүп жаткан тайэжесине терең ыраазычылык билдирип, мээримдүү камкордугу үчүн ыраазылыгын айтты. Айбикеге кең келечек, бекем ден соолук, аруу тилектердин орундалышын жана чыныгы бакыт каалап, ар бир күнү жарык, ар бир кадамы ийгиликтүү болуу тилектерин айтып өттү.
Майрамдын урматына чакан акчалай белек тапшырып жатып, бул сага майрамдык маанай тартуулаган, кичинекей муктаждыктарына жардам болот деген ишенимин билдирди.