KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Аксы райондук соту Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү

02 июня 2026

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен Аксы райондук соту жана райондук прокуратуранын кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана ата-энесинен ажыраган кызга кайрымдуулук жардам көрсөтүштү.


Иш-чаранын алкагында балдарга акчалай жардам жана таттуу белектер тапшырылып, алардын майрамдык маанайын көтөрүү максатында Кербен шаарындагы кинотеатрга алып барып, кызыктуу тасма көрсөтүлдү.


Бул демилгенин негизги максаты – балдарга көңүл буруп, аларга камкордук көрсөтүү, коомдо боорукерлик жана кайрымдуулук баалуулуктарын жайылтуу болуп саналат. Балдардын кубанычтуу жүздөрү, жаркын маанайы жана чын жүрөктөн айтылган ыраазычылык сөздөрү иш-чаранын маанисин арттырып, анын максатына жеткенин дагы бир жолу тастыктады.


Аксы райондук соту жаш муундун бакубат келечеги үчүн алардын укуктарын коргоо жана социалдык колдоо көрсөтүү ар бир жарандын жана мамлекеттик органдардын маанилүү милдеттеринин бири экенин белгилейт.