KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облусунда сот кызматкерлери кесиптик майрамын белгиленди

05 марта 2024

Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттик үйүнүн конференц-залында 5-март Кыргыз Республикасынын “Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.


Жыйынга Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы, областтык соттун судьялары, райондук, шаардык сотторунун төрагалары, судьялар, сот тутумунун ардагелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аппарат кызматкерлери катышышты.


Төрага Каныбек Токтосун уулу кесиптештерин майрамы менен куттуктап, сот кызматкерлеринин ардактуу жана сыймыктуу кесип экендигин, андыктан жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу мамиле жасоо керектигин белгиледи.


Ошондой эле, иш чарага конок катары катышып жаткан Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Кубатбекович, Жалал-Абад облусунун ОИИБнын башчысы Женишбек Эсеналиевич, облустук Аскер прокуратурасынын прокурору Рустамбек Сейдакматов, облустук Юстиция башкармалыгынын башчысы Бакыт Жайлобаев, Кыргыз Республикасынын ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилери өз куттуктоолорун айтышып, бир катар судьяларды жана соттордун аппарат кызматкерлерин медаль, Ардак грамоталары жана алкыш барактары менен сыйлашты.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов