Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттик үйүндө студенттер үчүн “Ачык эшик күнү” өттү

09 октября 2023

Студенттердин өлкөбүздүн сот тутуму туурасында маалыматтуулугун жогорулатуу жана сот ишмердиги боюнча практикалык түшүнүк берүү максатында  Жалал-Абад облустук сот Адилеттик үйүндө студенттер үчүн «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү.


Иш чарага Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Экономикалык-юридикалык” факультетинин Юриспруденция адистигинин 1,2 жана 4-курсунун студенттери катышты.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу Жалал-Абад шаарында жаңы колдонууга берилген Сот адилеттик үйү туурасында,  өлкөбүздө жүрүп жаткан сот-укуктук реформа жана судьялардын кызматтык милдеттери жөнүндө маалымат берди.


Мындан тышкары, студенттер менен маек куруп, насааттарын айтып, алардын кызыктырган суроолоруна кеңири жооп берди. Төрага студенттерди сот отурумуна катышып, сот жыйыны кандай өткөрүлө тургандыгын көрүүнү сунуштады.


Мындан тышкары, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары Омурлан Тункатаров, судьялар Улукбек Мукамбетов жана Курал Эстебесовдор дагы студенттерге фемида өкүлдөрүнүн кылмыш жаза ишин кароонун процесстик тартиби туурасында айтып беришти. Ал эми Омурлан Тункатаров соттордогу аудио жана видео жаздыруу системасынын иштөөсү жана сот отурумунун жүрүшү боюнча түшүндүрмө берди.


Ошондой эле студенттер жарандык жана кылмыш иштер боюнча ачык сот отурумдарына катышты.


Иш чаранын соңуда төрага Каныбек Токтосун уулу студенттерди ата -энелеринин үмүтүн актап жакшы окууга, өлкөбүздүн мыйзамдарын бекем сактоого чакырды.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов