KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы USAIDдин “Укук Булагы” долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушту

13 октября 2023

Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттик үйүндө  USAIDдин “Укук Булагы” долбоорунун өкүлдөрү жана АКШдан келген коноктор менен жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууга  “Укук Булагы” долбоорунун  жетекчиси  Фред  Хьюстон, Гендердик теңчиликтин координатору/ долбоордун Соттордун көз карандысыздыгы компонентинин жетекчиси Алмаз Касымбеков, Вашингтон штатындагы (АКШ) Спокан муниципалдык сотунун судьясы Мэри Кэрол Логан жана Батыш Жээктеги адилеттик инновация борборунун демилгелер тобунун саясат жана практика боюнча директору Уильям Бретт Тейлор катышышты.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу жана Жалал-Абад облустук Сот департаментинин башчысы Алмаз Токтосунов конокторго Жалал-Абад сот адилеттик үйүндө Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык,  Жалал-Абад облустук административдик соттору жана Жалал-Абад облустук Сот департаменти, Жалал-Абад шаардык, Сузак райондук сот аткаруучулары, сот приставтар кызмат бөлүмү жайгашканын айтып берип экскурсия уюштурду.


Экскурсияда конокторго сот отурум залдарын көрсөтүшүп анда орнотулган аудио жана видео жаздыруу системасынын иштөөсү менен тааныштырышты.


Андан соң жыйын уюштурулуп, ага Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу жана облустук сотунун судьялары катышып, сот адилеттигинин принциптерин илгерилетүү жана соттон тышкаркы процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуунун инновациялык ыкмаларын изилдөө боюнча  тажрыйбалар туурасында маалымат алышты.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов