KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттик үйүндө студенттер үчүн “Ачык эшик күнү” өттү

29 февраля 2024

Студенттердин өлкөбүздүн сот тутуму туурасында маалыматтуулугун жогорулатуу жана сот ишмердиги боюнча практикалык түшүнүк берүү максатында Жалал-Абад облустук сот Адилеттик үйүндө студенттер үчүн «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү.


 


Иш чарага Жалал-Абад шаарындагы Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин “Юриспруденция ” факультетинин 3-курсунун студенттери катышты.


 


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу Сот адилеттик үйү туурасында, андагы медиация, пробация, Юстиция Министрлигинин мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам кызматы (адвокаттар) жөнүндө, жашы жете электер бөлмөлөрүн көрсөтүп, өлкөбүздө жүрүп жаткан сот-укуктук реформа жана судьялардын кызматтык милдеттери жөнүндө маалымат берип, студенттер менен маек куруп, насааттарын айтып, алардын кызыктырган суроолоруна кеңири жооп берди.


 


Мындан тышкары, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарлары студенттерге фемида өкүлдөрүнүн кылмыш жаза, жарандык жана экономикалык, административдик иштеринин кароонун процесстик тартиби туурасында, ошондой эле сот залдарында орнотулган аудио жана видео жаздыруу системасынын иштөөсү жана сот отурумунун жүрүшү боюнча түшүндүрмө берди.


 


Иш чаранын соңуда төрага Каныбек Токтосун уулу студенттерди ата -энелеринин үмүтүн актап жакшы окууга, өлкөбүздүн мыйзамдарын бекем сактоого чакырды.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов