KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттик үйүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

01 ноября 2023

Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттик үйүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү  менен жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууга, Дүйнөлүк банктын мамлекеттик сектор боюнча улук адиси Клаус Декер, консультант Уран Эсенгелдиев, Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова, Сот департаментинин директору Медербек Сатыев жана «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу Урмат Сагынбек уулу келишкен.


Жолугушуунун жүрүшүндө кеңири маселелер козголуп, сот тутумун санариптик трансформациялоого байланышкан долбоорлорду каржылоо маселелерин талкуулашты.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу жана Жалал-Абад облустук Сот департаментинин башчысы Алмаз Токтосунов конокторго Сот адилеттик үйүндө облустук, шаардык, административдик соттору жана облустук Сот департаменти, шаардык, Сузак райондук сот аткаруучулары, сот приставтар кызмат бөлүмү жайгашканын жана жарандар үчүн түзүлгөн шарттаранын көрсөтүштү.


Ошондой эле конокторго сот отурум залдарын көрсөтүшүп анда орнотулган аудио жана видео жаздыруу системасынын иштөөсү менен тааныштырышты.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов