KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Төрайым Нургуль Бакирова Токтогул райондук сотунда болду

02 августа 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Токтогул райондук сотунда болду.


Жалпы 4 судья жана 11 аппарат кызматкерин жетектеген Токтогул райондук сотунун  төрайымы  Назира Солпуева төрайымды алгач өздөрүнүн ишмердүүлүгү  менен тааныштырды.


Нургуль Бакирова судьялар жана аппарат кызматкерлери менен бул жолугушууда жалпы сот тармагынын алдындагы милдеттерге токтолуп, эң башкысы  сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей  тажрыйбага жетишүүнү, мамлекеттик органдар менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну жана  коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууда  мыйзамдын талаптарын бекем сактоону тапшырды.


Төрайым сот реформасын жүргүзүүдө жер-жерлердеги соттор, аппарат кызматкерлери, сот приставдары жана сот аткаруучудардын ролу чоң экенин белгиледи.  «Элибиз сот тутумундагы чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Сот адилеттүүгүн бекемдөөдө сиздердин — жергиликтүү соттордун ролу чоң. Андыктан, сиздердин ар бириңиздердин кесипкөйлүктү, жарандарга сылык, маданияттуу мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз», — деди Н.Бакирова.


Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова 30-июль 1-август аралыгында Жалал-Абад облусундагы иш сапарында Тогуз-Торо, Аксы жана Токтогул райондук сотторунун иши менен кеңири таанышты.