Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Гүлсүн Арзыкулова Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.
Аталган иш-чарада судья Гүлсүн Арзыкулова “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тарыхы жана ролу” темасында баяндама жасады.
Баяндамада Кыргыз Республикасынын Конституциясы биздин күнүмдүк жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелээрин, элибиздин чыныгы эркиндиктин жана демократиянын шарттарында, адилеттүү жана укуктук коомдо жашоого умтулуусун далилдей тургандыгын айтты.
Ошондой эле Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү ар бир атуулдан негизги милдети экендигин баса белгиледи.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов