KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад сот Адилеттик үйүнүн кызматкерлери арасында кичи футбол уюштурулду

07 марта 2024

Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата Жалал-Абад шаардык сотунун уюштуруусу менен сот Адилеттик үйүнүн кызматкерлери арасында кичи футбол таймашы болуп өттү.


Бул спорттук мелдеште жалпысынан 6 команда ат салышты. Ар бир команда футбол боюнча өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта жана кызыктуу өттү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 3 командага кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.


Биринчи орунду жана Жалал-Абал облустук сотунун төрагасынын өтмө кубогу менен Жалал-Абад шаардык сотунун кызматкерлери сыйланышса, экинчи орунду Административдик сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга Сузак райондук САКБнын  командасы татыктуу болду.


Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” номинациялар боюнча да татыктуулар аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.


Турнирдин аягында төрага Каныбек Токтосун уулу турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, спортук мелдеште бардык катышуучуларына терең ыраазычылык билдирип, кызматкерлер арасында кичи футбол боюнча оюндар  мындан ары улантыларын билдирди.


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов