Өткөн жумада Жалал-Абад шаарынын Сот адилеттик үйүнүн имаратында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектеби судьялар жана медиаторлор үчүн «Медиация соттук процессте» деген темада семинар өткөрдү.
Семинардын лектору катары Бишкек шаардык сотунун судьясы Рахат Каримова өттү.
Бул семинардын максаты укуктук талаш-тартыштарды жөнгө салуунун жолу катары медиация жөнүндө ар тараптуу калыптандыруу жана судьянын тараптарды жараштыруу тапшырмасын медиацияда талаш-тартышты жөнгө салуу укугун түшүндүрүү аркылуу ишке ашыруу.
Ошону менен бирге IDLO проектинин комерциялык медиация боюнча маалымат берилди.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов