KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова: Ар бир судьянын караган иштеринин сапаты кылдат талданат

25 мая 2021



Нургуль Бакирова: Ар бир судьянын караган иштеринин сапаты кылдат талданат


14 мая 2021







Бүгүн, 2021-жылдын 14-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль  Бакирова  Жалал-Абад облусунун судьялары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.


Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Ноокен районунун акими Абдрахман Осмонов, Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев, Сузак районунун акими Торогелди Туркбаевдер катышышты.


Төрайым судьяларды ишти кароодо сапатына өзгөчө маани берүүгө чакырды. “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын долбооруна ылайык Соттор кеңешине судьялардын кесиптик ишмердигинин сапатына баа берүү ыйгарым укугу берилип жаткандыгын айтты.


Бул деген ар бир судьянын караган иштеринин сапаты кылдат талданып, тийиштүү баа берилип турат дегенди түшүндүрөт. Азыркы учурда судьялардын ишинин сапатына жетишээрлик деңгээлде баа берилген жок. Төрайым  судьяларды кийинки мөөнөткө дайындоо, ротация жана кызматка дайындоодо алардын ишмердүүлүгүнүн сапаты эске алына тургандыгын билдирди.


Сот тутуму дагы мамлекеттин өнүгүшүнө биргеликте салым кошушу керек. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда сотторду адилеттүү, мыйзамдуу чечимдерди чыгарууга үндөгөн. Андыктан, ар бир фемида өкүлү жыйынтык чыгарып, жаңыча багытта, жаңы өңүттө  иш алып баруусу керек деди”,  — төрайым.


Ошондой эле Нургуль Бакирова судья ардактуу жана адамдын тагдырын чече турган кесип экендигин, андыктан адамдын тагдыры жана укугу бийик турушу керек экендигин баса белгиледи.


Мындан тышкары төрайым  жалпы сот тутуму чогулткан каражатты Баткен окуяларында жабыр тарткан үй-бүлөлөргө тапшырып келгендигин маалымдады.


Мөөнөтү создуктурулган иштер  туурасында токтолуп, өз убагында кароону тапшырды. Судьялардын жүрүм-туруму, ишке болгон мамилени оңдоо зарыл экендигин кошумчалады.


Жергиликтүү соттор буга чейин кыскартылып  кеткен судьялардын жардамчыларынын штаттык орундары туурасында маселени көтөрүштү. Нургуль Бакирова судьяларга жардамчыларды кайра кайтаруу боюнча алгылыктуу иштер башталгандыгын билдирди.


Жолугушууда судьялар турак-жайларды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин көтөрүштү. Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев бул маселени чечүү жолдорун караштырып жаткандыгын айтты.


Атайын Жалал-Абад облусуна келип соттор менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн бирге чогултуп, алдыдагы аткарыла турган иштерди бирге  талкуулоого чакыргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев   ыраазычылык билдирди.


“Жашыл сот” аталыштагы сот органдарынын арасында өткөрүлгөн сынакка  Жалал-Абад областынан жалпысынан 12 райондук, шаардык жана административдик соттор катышкан. Иш чарага активдүү катышып,  айлана –тегерегин ирээтке келтиргендиги үчүн Жалал-Абад шаардык соту менен Жалал-Абад областынын Административдик соту биринчи орунду ээлешкен болчу. “Жашыл сот” акциясынын алкагында  соттун имаратынын алдындагы аянтка  ар түрдү гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуп, тазалоо жана жыйноо иш чарасын мыкты деңгээлде жүргүзүшкөндүгү үчүн Сузак райондук соту  экинчи орунга татыктуу деп табылган. Ал эми үчүнчү орунду өзгөчө ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузгандыгы жана ишембиликке активдүү катышкандыгы үчүн Чаткал райондук соту татыктуу деп табылган.


Бүгүн Нургуль Бакирова Жогорку соттун атынан  жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып, иштеринде ийгиликтерди каалады.


 


Жолугушуунун соңунда Жалал-Абад облусунун жергиликтүү соттору Нургуль  Бакировага көйгөйлүү болгон бир катар суроолорду беришип, маңыздуу жоопторун алышты.