Бүгүн, 2021-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Аксы районунда болуп, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон тургундардын жакындары менен жолугушту. Жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жалпы сот тутумунун атынан көңүл айтты.
Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 20-июлунда Аксы районунун Ак-Жол жана Жаӊы-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, Ак-Жол айыл аймагынан 7 адам жана Жаңы-Жол айыл аймагынан 1 адам каза болгон.
Мындан тышкары, Сузак районунун Кара-Дарыя, Серный жана Достук айыл аймактарында дагы сел жүрүп, анын кесепетинен 6 жаштагы Арууке Манапова көз жумган.
Нургуль Бакирова кырсыктан каза болгондорго багыштап куран окутуп, үй-бүлө мүчөлөрүнө сот тутумунун атынан материалдык жардамдарды тапшырды.