Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы видео байланыш аркылуу Жалал-Абад облусунун райондук жана шаардык сотторунун судьялары менен онлайн жыйын өткөрүштү.
Онлайн жыйында Омурлан Тункатаров “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” кабыл алынган Мыйзамы боюнча райондук жана шаардык сотторунун судьяларына түшүндүрмөлөрдү берди.
Ошондой эле, 2019-жылдын 24-майындагы “Соттук өкүм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун токтомунун талаптарын так аткарууну талап кылды.
Жыйындын соңунда Омурлан Тункатаров жыйындын катышуучуларына иштерине ийгилик каалап, мыйзамдардын талаптарын так аткарууга чакырды.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов