Аксы райондук сотунда Жалал-Абад областынын жергиликтүү соттор арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү
Аксы райондук сотунун уюштуруусу менен Жалал-Абад областынын район-шаардык соттордун арасындагы байланышты бекемдөө, ден-соолукту чындоо, спортту өнүктүрүү максатында Жалал-Абад областтынын жергиликтүү сот тутумунун кызматкерлери арасында кичи-футбол боюнча таймаш болуп өттү. Бул спорттук мелдеште жалпысынан 9 команда ат салышты.
Ар бир команда, футбол боюнча оздорунун мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта жана абдан кызыктуу өттү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 3 командага кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Биринчи орунду жана турнирдин өтмө кубогу менен Сузак райондук сотунун кызматкерлери багындырышса, экинчи орунду Жалал-Абад областтык сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга Кара-Кол шаардык сотунун командасы татыктуу болду.
Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “мыкты дарбазачы”, “мыкты коргоочу”, “мыкты оюнчу”, “мыкты чабуулчу”, “мыкты уюштуруучу” номинациялар боюнча да татыктуулар аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.
Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы.