KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад шаардык соту менен Ала-Бука райондук соту кайрымдуулук иштерин жасашты

09 июня 2021




Жалал-Абад шаардык соту менен Ала-Бука райондук соту кайрымдуулук иштерин жасашты


02 июня 2021







Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Алтынбек Калмамат уулу жана судьялар Аида Апысова, Жолон Абдрахмановдор 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо жана жардам көрсөтүү максатында Жалал-Абаддагы Балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышып, балдар жана тарбиялоочулар  менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда аталган мекеменин жамааты, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо шарттары менен тааныштырып өттү.


Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Алтынбек Калмамат уулу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү ар бир жарандын моралдык милдети экендигин баса белгилеп, бул сыяктуу иш чаралар өзү жетектеген сот тарабынан туруктуу улантылаарын айтып,  иш чарага башка жарандарды катышууга үндөп, Жалал-Абадтагы Балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жамаатына аткарып жаткан иштерине ийгилик каалады. Кайрымдуулук иш чара Жалал-Абад шаардык соттору тарабынан чогултулган каражаттын эсебинен жүргүзүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын бөлмөлөрүн оңдоо иштери болорун билдиришти.


Жалал-Абаддагы Балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жамааты көрсөтүлгөн колдоо үчүн терең ыраазычылыгын билдиришти.


Мындан тышкары, 2021-жылдын 1-июнунда Жалал-Абад областынын Ала-Бука райондук сотунун жааматы сот приставдар кызматы жана  сот аткаруучулар кызмат бөлүмү менен биргеликте, Балдарды коргоонун  эл аралык күнүнө карата социалдык колдоого муктаж үй-бүлөөрдүн балдарына моралдык жана материалдык жактан жардам көрсөтүү максатында Ала-Бука районунун жашы жете элек тоголок жетим баладан кабар алышты.


Ала-Бука районунун судьясы Асылбек Мамадалыев тоголок жетим баланы майрамы менен куттуктап, белектерди беришип жана акчалай жардам көрсөтүштү.


 


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы  Мирлан Торомаматов