KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03722) 5 - 49 -62 г. Джалал-Абад, ул. Т. Байзакова 101
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Майлуу-Суу шаардык сотунун жаңы имаратынын ачылышына катышты

25 мая 2021



Нургуль Бакирова Майлуу-Суу шаардык сотунун жаңы имаратынын ачылышына катышты


14 мая 2021







Бүгүн, 2021-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапардын алкагында Майлуу-Суу шаардык сотунун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.


Жогорку соттун төрайымын Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Улукбек  Калыбаев жана аталган соттун судьясы Бактыбек Султанканов коштоп барышты.


Нургуль Бакированы  жеринде Майлуу-Суу шаардык сотунун төрагасы Муратали Турмаматов, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов, шаардык кеңештин төрагасы Бекболот Барбиев шаардагы мекеме-уюмдардын жетекчилери  жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тосуп  алышты.


Жалпы аянты 456,7 чарчы метрди түзгөн административдик мекеме алгач Юстиция министрлигинин  Жалал-Абад облустук башкармалыгынын карамагында болуп, 2019-жылы Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин балансына өткөрүлүп берилген.


Аталган имаратка жалпы суммасы 12 000 257  сомго капиталдык ремонт иштери жасалган.


Жаңы имараттын расмий ачылышында Нургуль Бакирова Майлуу-Суу шаары үчүн гана эмес, жалпы сот тутуму үчүн чоң жетишкендик жана тарыхый күн болуп жатканын айтты.


Нургуль Бакирова жаңы имаратка кирип жатышкан жамаатты куттуктап, жаңы имарат ак жолтой болуп, адилеттүүлүктүн үйү болсун деген  тилегин билдирди.


Төрайым сот тутумун материалдык-техникалык жактан камсыздоону жогорулатуу жана сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү сот реформасынын багыттарынын бири экендигин белгиледи.


Бүгүнкү күндө имарат эки кабаттуу болуп, ар бир сот кызматкеринин өзүнчө бөлмөлөрү, архив, эки сот отурум залы, жашы жете элек балдардын бөлмөсү бар.


Соттордун, сот кызматкерлеринин жана жарандардын коопсуздуктары үчүн шарттар каралып, бардык заманбап талаптарына жооп бере турган имарат ачылды.


Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын пандус дагы орнотулган.


Аталган шаардын майыптар коомунун төрагасы Каныбек Базарбаев мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи.


Майлуу-Суу шаардык сотунун төрагасы Муратали Турмаматов  аталган сотто жалпысынан 15 кызматкер эмгектенип, 3 сот аткаруучу жана 5 сот приставдары бар экендигин айтты. Аталган сотто эки  гана судья эмгектенип, эки сот отурум залы бар.


Жогорку соттун төрайымы жергиликтүү соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, алар менен маектешип, алдыдагы пландары менен бөлүштү жана алардын суроолоруна жооп берди.